Республикалык мугалимдер олимпиадасы. Өз билимиңизди далилдеңиз, кесиптик деңгээлиңизди жогорулатыңыз жана 2 000 000 сомдук байге фондунан утуп алыңыз!
«Спектрум Мугалим — 2027» — Кыргызстандын бардык аймактарындагы мугалимдердин предметтик билимин жана педагогикалык чеберчилигин баалоочу республикалык интеллектуалдык мелдеш.
Айылдык жана шаардык мектеп мугалимдери I жана II турларда өзүнчө А жана Б категориялары боюнча ат салышат. Бул бардык аймактарга тең мүмкүнчүлүк берет.
Ар бир предметке 200 000 сомдон бөлүнгөн. Жалпы 50 мугалим акчалай сыйлыктарга ээ болот. Сыйлыктар жеңүүчүлөргө толук көлөмдө тапшырылат.
Катышуу акысы болгону 1 400 сом. Бир жолу төлөнөт жана тандоодон өткөн катышуучунун бардык үч турга кошумча акысыз катышуусун камтыйт.
Ар бир катышуучу бир гана предмет боюнча каттала алат. Башталгыч класстар үчүн интеграцияланган тест колдонулат.
Ар бир турда өзүнчө тапшырмалар колдонулат. Мурунку турда алынган балл кийинки турдун жыйынтыгына кошулбайт (100 баллдык шкала).
Смартфон, планшет же компьютер аркылуу тапшырылат. 50 баллдан жогору алган бардык катышуучулар II турга өтөт (так 50 балл алгандар өтпөйт).
7 облус, Бишкек жана Ош шаарларында өтөт. Ар бир предметтин ар бир категориясынан (А жана Б) эң жогорку 3төн катышуучу финалга өтөт (макс. 540 финалист).
Бишкек шаарында өтөт. А жана Б категориялары бирдиктүү рейтингге бириктирилет. Ар бир предмет боюнча 1–5-орундар акчалай сыйлыктар менен сыйланат.
Ар бир предмет боюнча 1–5-орундарды ээлеген мугалимдерге төмөнкү өлчөмдөгү акчалай сыйлыктар тапшырылат:
| Ээлеген орун | 1 предмет боюнча | 10 предмет боюнча |
|---|---|---|
| 1 1-орун (Алтын байге) | 50 000 сом | 500 000 сом |
| 2 2-орун | 45 000 сом | 450 000 сом |
| 3 3-орун | 40 000 сом | 400 000 сом |
| 4 4-орун | 35 000 сом | 350 000 сом |
| 5 5-орун | 30 000 сом | 300 000 сом |
| ЖАЛПЫ БАЙГЕ ФОНДУ | 200 000 сом | 2 000 000 сом |
РЕСПУБЛИКАЛЫК МУГАЛИМДЕР ОЛИМПИАДАСЫ
Олимпиаданын расмий постерин жүктөп алып, мектептин мугалимдер жамаатына же WhatsApp тайпаларына жөнөтүңүз. Биргеликте билим деңгээлин жогорулаталы!
«Спектрум Эдьюкейшн» ЖЧКсы тарабынан бекитилген (Жетекчиси: Жакенов Сардарбек Сыргабекович)